Облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков облустук билим берүү бөлүмүн зыярат кылды

Кечээ, 25-январь күнү Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков облустук билим берүү бөлүмүн зыярат кылып, облус боюнча мектептердин окуу-тарбия боюнча директорлорунун орун басарлары менен жолукту. Саамалыкта мектептерде окутулуп жаткан диндер тарыхы сабагынын зарылдыгы боюнча талкуу болуп, жалпы катышуучуларга дин турасында кеңири түшүнүк берилди. Ошондой эле “Диндин коомдогу орду”, “Исламда аялдын орду”, “Балдардын бүгүнкү күндө ата-энеге, чөйрөгө, коомго болгон мамилеси” сыяктуу темаларда лекция окулду.

Лекция суроо-жооп менен жыйынтыкталганын айткан облус казысы Алмазбек ажы: “Шек-күмөнсүз, Аллахтын алдындагы акыйкат дин – ислам дини…» (Аали Имран сүрөсү, 19-аят). Дин – адамдын ким экендигин жана жашоонун максат-маңызынын эмне экендигин билдирип, адам баласын эки дүйнөдө тең бактылуу жашоого жетелейт”, – деп билдирди.

Эскерте кетсек, аталган жолугушуу облустук казыяттын 2023-жылга карата иш планын аткаруу максатында өткөрүлгөн.