Өзгөн районунун баш имам-хатиби Жылалды айылынын эли менен жолугушту

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров атайын иш сапары менен Жылалды айылына барып, эл менен жолугушту. Жолугушуу алкагында аталган айылдын имамдарына жана жергиликтүү тургундарына ынтымак, улут аралык биримдик жана мечитти абат кылуу туурасында сөздөр айтылып, илим-билимдин пазилеттери жөнүндө лекция окулду. Жыйндын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан шариятка байланышкан көйгөйлүү маселелер боюнча суроолор берилип, райондун баш имам-хатиби тарабынан жооп берилди.

Аллах Таала баарыбызды улут, уруу кылып жаратты. Эч бир улут же уруу бири-биринен артык эмес. Кудайдын алдында Роббисинен коркуп, арам иштерден оолак болгон, шариятта буйрулган жакшы амалдарды аткарган, такыба киши гана эң урматтуу адам. Уруулашып, жаатташып бөлүнүү исламга жатпайт. “Баарыбыз бир элбиз, бир үммөтпүз” деген түшүнүк менен бири-бирибизге жакшы мамиле кылышыбыз керек. Бөлүнүп-жарылган коомдон ырыскы качып, береке болбойт”, – деди Акжол ажы Бакиров.

Райондун баш имам-хатиби эл менен жолугушууларды дайым уюштуруп, ай сайын айылдарды кыдырып, эл менен жүздөшүп, алардын диний көйгөйлөрүн угууну жана чечүүнү көздөп жатканын айтты.