Баткенде электрондук кезекте турган ажылыкка баруучуларды каттоо кызуу жүрүүдө

Баткен облустук казыятында жана райондук-шаардык хатибияттарында 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоо кызуу башталды.  

«Учурда коомчулукка ажылыкка каттоо тууралуу маалыматтар мечиттерде, социалдык тармактарда жана облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров менен биргеликте Баткен телеканалы жана башка маалымат каражаттары аркылуу  маалымат берип жатабыз», – деди Баткен облус боюнча ажылык иштерине жооптуу адис Мурзабай Бердикулов.

Айта кетсек, учурда 2019-2022-жылдар аралыгындагы электрондук кезекте турган жарандар каттоо жүрүүдө. 14-февралга чейин жүргүзүлчү каттоодо кезекте тургандар 1000 АКШ долларын РСК банкына төлөп, төлөм квитанциясын жана каттоого тиешелүү документтерин жергиликтүү казыяттарга тапшырышы керек.