Кара-Сууда имамдын демилгеси менен жол кырсыгынан жабыркаган жарандын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү

Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу «Мирзалимбай» мечитинин имам-хатиби Мусажан ажы Усмановдун демилгеси менен жол кырсыгынан жабыркаган айыл тургунунун үй-бүлөсүнө жардам катары жамааттан 11 370 сом акча каражаты жыйналып, чогулган каражат бейтаптын жубайына тапшырылды.

Аталган бейтап 1973-жылы туулган Шарк айылын тургуну. Ал Ош-Бишкек унаа жолунда кырсыкка учурап, Бишкек шаарындагы ооруканаларынын биринде жандандыруу бөлүмүндө жатат. Мусажан ажы Усманов бейтаптын үй-бүлөсүнө сабырдуулук тилеп, тез арада айыгып кетүүсүнө дуба кылды. Ал эми Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров жакшылыкка үлгү болгон имамдын ишине ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, бейтаптын жыйырма жаштагы баласы мүмкүнчүлүгү чектелген биринчи топтогу майып.