Алланын ысымдары

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын

Ысым же ат нерсени аныктаган, түшүндүргөн жана билдирген сөз болуп эсептелет. Бир нерсенин атын билүү – аны таануунун алгачкы кадамы. Ысым же аталыш бир нерсенин бар экенин, анын өзгөчөлүктөрүн да камтып турат. Дал ошол сыңары, Алланын ысымдары деп айтылган учурда, Анын бар экени жана сыпаттары эске келет. Алланын ар бир ысымы Анын улуулугун көрсөтүп турат жана «аль-Асмаул-Хусна» деп аталат. Асмаул-Хусна – керемет, мыкты, кооз ысымдар дегенди туюндурат.

Мусулман киши Куран жана хадисте келген Алла Тааланын ысым-сыпаттарына ишенүүсү керек. Алла Тааланын ысым-сыпаттарына Куранда жана хадисте айтылгандай, окшотуусуз, салыштыруусуз жана өзгөртпөстөн ишенүү зарыл. Алла Таала: «Ага окшош эч нерсе жок, Ал Угуучу, Көрүүчү»,[1] – деп айткан. Ошондой эле:

وَلِلّٰهِ الْاَسْمَٓاءُ الْحُسْنٰى فَادْعُوهُ بِهَاۖ وَذَرُوا الَّذ۪ينَ يُلْحِدُونَ ف۪ٓي اَسْمَٓائِه۪ۜ سَيُجْزَوْنَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ

«(Бардык) көркөм ысымдар Аллага гана таандык. Демек, (Аллага ошолор менен гана дуба кылгыла»,[2] – деп буйруган.

Настарда келген кооз, көркөм жана улуу ысымдардын эмнелер экени билдирилген. Муну мындай классификациялоо керек:

  1. Алланын бар экененине далаалат кылган ысымдар: Шай (нерсе), зат жана нафс;
  2. Алланын сыпатына далаалат кылган ысымдар: Кадим, азалий (эзелки), абадий (түбөлүктүү), бакий, даим ж.б.
  3. Хакикий сыпаттарга далаалат кылган ысымдар: Алийм, кадир, хайй, самиъ, басир ж.б.
  4. Изафий сыпаттарга далаалат кылган ысымдар: Аввал, ахир, захир, батин ж.б.
  5. Салбий сыпаттарга далаалат кылган ысымдар: Куддус, салам ж.б.
  6. Затынан садр болгон фиилдеринен келип чыккан ысымдар: Халик, Раззак ж.б.

Алла Тааланын затына тиешелүү негизги ысымы Алла (الله) болуп эсептелет (лафзатулла). Бул улуу ысым Алладан башка эч бир затка колдонулбайт жана колдонуу жайиз эмес. Алла ысымы кандайдыр бир уңгудан же этиштен куралган эмес. Экилик (мусаннаа) жана көптүк формасы жок. Башка тилдерге которулбайт. Эч бир сөз анын ордун алмаштыра албайт. Бирок тилчилер «алиха» же «валиха» сөздөрүнөн куралганын айтышат.

Алла ысымы ыйык Куранда 2800 жолу келет. Кээ бир аалымдар «исм-у аъзам» деп ушул ысымды айтышат. Себеби бул ысым Анын бардык ысымдарынын негизи. Айталы, Рахман, Рахим, Кадир болгон Зат ким деп суроо берилсе, Алла деп жооп берилет. Башка ысымдарда мындай өзгөчөлүк жок. 

Алланын улуу аттарын/ ысымдарын башка нерселерге колдонууга болбойт. Ошондой эле Алланын улуулугуна туура келбеген аттар менен атоо туура болбойт. Жаратканды кыйыр, бүдөмүк, анык эмес ысымдар менен атоо жайиз эмес.

Алланын ысымдары тавкифи болуп-болбогону талаштуу маселе. Башкача айтканда, Алла Таалага аят жана хадистерде келген ысымдарды гана ыйгаруу керекпи же Анын даражасына ылайык ысымдары айтууга болобу деген маселеде талаш болгон. Муътазила болот десе, ахли сүннөт аалымдары болбойт деген көз карашты карманган. Бирок, соңку калам аалымдары аят жана хадистерде айтылбаган кээ бир аталыштарды Аллага ысым катары ыйгарууга болорун жана ал  ижмаъ менен далилденгенин айтышкан.

Абу Хурайранын (ага Алла ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Алла Тааланын токсон тогуз ысымы бар. Бирөө кем жүз, Ал – Так, такты сүйөт. Ким ошолорду жаттаса, бейишке кирет. Ал – Өзүнөн башка кудай жок болгон Алла, Ар-Рахман, Ар-Рахим, Ал-Малик, Ал- Куддус, Ас-Салам, Ал-Мумин, Ал-Мухаймин, Ал-Азиз, Ал-Жаббар… жана башкалар», – деп айткан (Муслим).

Демек, Жараткан Алла Таалага кооз ысымдары менен кайрылуу туура. Айталы, мээримдүүлүккө муктаж адамдар Алланын Ар-Рахман, ар-Рахим жана ас-Салам деген ысымдары менен дуба кылса, кеңдик жана береке каалаган адам ар-Раззак, ал-Ваххаб жана ал-Латиф ысымдары менен тилек кылат.

Кыргыз элинин күндөлүк жашоосунда кудайга жалбаруу кеңири орун алган. Мисалы, «Манас» эпосунда Алла Таалага жалбарып жаткан баатырдын Анын көптөгөн ысымдарын баса белгилегенин кездештирүүгө болот:

«Өлчөөсү жок өз затың,

Бир кудай өзүң, миң атың,

Биле көргүн бу датым,

Бардын баарын жок кылган

Баары сенин кубатың.

Жок нерсени бар кылган,

Жолдош-жоро жар кылган,

Асман жасап, көк кылган,

Насибисин көп кылган

Зулжалалсың кудурет,

Нечен түмөн, нече миң

Кылып койгон ааламың,

Өкүм кылсаң алардан

Өзүңдөн бөлөк ким билет,

Жалдыратып өлтүрсөң

Жалынганым бир милдет».

Төмөндө А. Сеитбековдун «Ыйман бутактары» аттуу китебинде берилген Алла Тааланын Куран жана хадисте келген токсон тогуз ысым-сыпаттарытууралуу кыскача маалымат:

Алла Тааланын токсон тогуз ысым-сыпаты:

1. Алла. Мааниси «Ибадат кылууга татыктуу, чыныгы Кудай». Көп аалымдардын айтуусунда Жараткандын эң улуу ысымы ушул. Куранда Алла деген сөз эч кандай мүчө уланбай жеке өзү 2395 жолу айтылган. Инсан ар дайым жүрөгү менен Аллага байланып, Алланын Өзүнөн гана үмүт кылып, Алладан гана коркуусу керек. Алладан башка бардык нерселер убактылуу экенин билүүсү зарыл.

2. Ар-Рахман. Мааниси – Ырайымдуу. Бул дүйнөдө бардык макулуктарга ырайымын төгүүчү. Ошондуктан Ар-Рахман болгон Алла бул дүйнөдө ыймандуу, ыймансыз, күнөөкөр-күнөөсүз деп бөлбөстөн, бардык адамдарга тегиз ырайым көргөзөт. Куранда «Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиим» дегенден сырткары 57 жерде айтылат.

3. Ар-Рахим. Мааниси Ырайымдуу. Ар-Рахмандан айырмасы акыретте жалаң ыймандууларга ырайым кылат. Демек, Алла Ар-Рахман сыпаты менен бул дүйнөдө бардык элдерге, ал эми, Ар-Рахим сыпаты менен акыретте жалаң ыймандууларгаырайым-боорукерлик кылат. Куранда «Бисмилладан» тышкары 115 жерде айтылган.

4. Ал-Малик. «Чыныгы Падыша» деген маанини билдирет. Ал Өзүнүн сыпатында эч нерсеге муктаж эмес. Ааламдагы бардык нерселер жаратылууда жана жашоодо Аллага муктаж болушат. Куранда 5 жерде айтылган.

5. Ал-Куддус. «Ыйык», «Таза» деген маанини түшүндүрөт. Алла Таала бардык кемчиликтерден Таза. Пенделерине, жараткан макулуктарына окшош болуудан Таза. Куранда 2 жолу айтылган.

6. Ас-Салам. Алла Тааланын «Ас-Салам» деген ысым-сыпаты Анын таберик Затынын аруулугун, сыпаттарынын кемчилдиктен, иштеринин жамандыктардан саламат, таза экенин билдирет. Куранда Алланын ысымы катары 1 жолу айтылган. Ал эми тынчтык, саламаттык, бейиштин аты катары өтө көп аяттарда айтылган.

7. Ал-Муъмин. «Бардык нерселерге амандык тынчтык, бейпилдик берүүчү» деген маанини билдирет. Бардык ааламга бейпилдик себептерин жаратып, бардык ааламга тынчтык, бейпилдик тартуу кылат. Куранда 1 жолу айтылган.

8. Ал-Мухаймин. «Макулуктардын үстүнөн көзөмөлдөп, бардык нерсени илими менен камтып туруучу» деген маанини билдирет. Алла Таала бүткүл макулуктардын амалын, ырыскысын жана жашоо мөөнөтүн көзөмөлдөп, карап турат. Куранда 1 жолу айтылган.

9. Ал-Азиз. «Ызаттуулуктун жана Кудиреттүүлүктүн ээси» деген маанини билдирет. Толук ызаттуу жана толук кудуреттүү Алла Таала жалгыз, Анын окшошу да жок. Ага окшогон нерсени кыялга келтирүү да мүмкүн эмес! Куранда 89 жолу айтылган.

10. Ал-Жаббар. «Каалоосу мажбур түрдө таасир этүүчү» деген маанини билдирет. Алла Таала ар бир нерсени Өзү жараткан мыйзамга мажбур түрдө баш ийдирет. Бирок, эч ким Алланы өзүнүн каалоосуна мажбур кыла албайт. Куранда 1 жолу айтылган.

11. Ал-Мутакаббир. «Өзүнүн Улуулугуна таандык болгон нерселерден башкасын арзыбаган нерсе деп билүүчү» деген маанини билдирет. Алла Таала – Улуу, Бийик. Мына ушул сыпатка ээ болгон Затка гана Текеберлик-Мутакаббир сыпаты ылайык. Куранда Алла Тааланын сыпаты катары 1 жолу айтылган. Ал эми текеберлик маанисинде 6 жерде келген.

12. Ал-Халик. «Ар бир нерсени өлчөм менен өлчөп, Жаратуучу» деген маанини билдирет. Куранда 11 жолу айтылган.

13. Ал-Бариъ. «Ар бир нерсени өлчөм менен өлчөп, жоктон бар кылуучу деген маанини билдирет. Алла Таала гана жокту бар кылып, чен-өлчөмү менен ашык-кем жок, так туура Жаратуучу. Алладан башка эч ким эч нерсени жоктон бар кылып жарата албайт жана эч нерсе өзүнөн-өзү жаралып калбайт. Куранда 3 жолу айтылган.

14. Ал-Мусаввир. «Өлчөм менен жасалган нерселерди жоктон бар кылгандан кийин ага кооздук жана форма берүүчү» деген маанини билдирет. Алла Таала жараткан нерселерин бири-бирине окшобогон сүрөт-формада жаратат. Куранда 1 жолу айтылган.

15. Ал-Гаффар. «Көркөм нерселерди көрсөтүп, жаман нерселерди жашыруучу, пенделердин айып-кемчиликтерин жана күнөө иштерин ашкере кылбай жаап-жашырып, кечирүүчү» деген маанини билдирет. Куранда 5 жерде айтылган.

16. Ал-Каххар. «Душманды жеңүүчү» же «аларды кордук менен жеңүүчү» же «ааламдагы бардык макулуктарды Өзүнүн кудурети менен баш ийдирүүчү» деген маанилерди билдирет. Куранда 6 жолу айтылган.

17. Ал-Ваххаб. «Белек берүүчү», «Мээрбан», «Өзүнүн нээматтарын бекер берүүчү» деген маанилерди билдирет. Алла Таала Өзүнүн нээматтарын пенделерден эчнерсе талап кылбастан берет. Бул – чыныгы белек. Ааламдагы бардык макулуктар Алла Таалага муктаж. Алла Таала алардын кажеттерин эч кандай акы талап кылбастан аткарып турат. Куранда 3 жолу айтылган.

11. Ар-Раззак. Ырыскыларды жаратуучу жана бардык макулуктарга ырыскы берип туруучу» деген маанини билдирет. Куранда I жолу айтылган.

10. Ал-Фаттах. «Өзүнүн ырайым казыналарын ачуучу, туура жолго багыттоосу аркылуу ар кандай мүшкүл-көйгөйлөрдөн кутулуу жолун ачып таштоочу Зат». Алла Таала Өзүнө таза ибадат кылган пенделерине ырайым эшиктерин ачат. Куранда 1 жолу айтылган.

20. Ал-Алийм. «Өтө Билимдүү, Билүүчү, Даанышман» деген маанини билдирет. Алла Таала ааламдагы бардык нерселерди, эң чоң гигант жылдыздардын аракеттеринен тарта, көзгө көрүнбөй турган атомдордун аракеттерине чейин билип турат. Куранда 157 жолу айтылган.

21. Ал-Каабиз. Пенделердин ырыскыларын кемитүүчү», «бекем сыгуучу», «жанды сууруп алуучу» деген маанилерди билдирет. Алла Таала «ал-Каабиз» сыпаты менен дененин ар бир бөлүгүндөгү тирүүлүк булагы болгон жанды сууруп алат жана өзү каалаган адамдардын ырыскыларын тартып алып, кемитет. Куранда «ал-Каабиз» деген формада айтылган эмес, бирок этиштик формасында келген. Ал эми хадисте «ал-Каабиз» формасында айтылган.

22. Ал-Басит. «Пенделерге ырыскыны кенен берүүчү» жана «жан (рух) берүүчү» деген маанилерди билдирет. Алла Таала Өзүнүн «ал-Басит» сыпаты менен пенделерге жан берет жана каалаган пенделеринин ырыскаларын кенен, мол кылып коёт. Куранда айтылган эмес, хадисте айтылган.

23. Ал-Хафиз. «Каапырлардын даражасын төмөндөтүүчү» деген маанини билдирет. Куранда айтылган эмес, хадисте айтылган.

24. Ар-Рафиъ. «Момундардын даражасын көтөрүүчү» деген маанини билдирет. Куранда этиштик формаларында бир канча жолу айтылган. Хадисте «ар-Рафиь» формасында айтылган.

25. Ал-Муиз. «Азиз, ызаттуу кылуучу» деген маанини билдирет. Алла Таала каалаган пендесине чыныгы падышалыкты берип, аны азиз, ызаттуу кылат. Чыныгы падышалык деп Алланын Өзүнө гана муктаж болуу менен Андан башкага муктаж болуу кордугунан азат болуу жана кумар туткунунан кутулуп, тескерисинче кумарга үстөмдүк кылуу даражасына жетүүгө айтылат. Куранда этиштик формалары бир канча жерде айтылган.

26. Ал-Музилл. «Кор кылуучу» деген маанини билдирет. Алла Таала каалаган пендесинен азиз, ызаттуулукту жана падышалыкты тартып алып, аны кор кылат. Куранда ар түрдүү формада бир канча жерде айтылган.

27. Ас-Самиь. «Жашыруун же ашкере болгон добуштардын баарын Угуп туруучу» деген маанини билдирет. Ааламдагы ар бир добушту Алла Таала угат. Ал кумурсканын бутунан чыккан добуштарды да угуп турат. Бирок, Анын угуусу башкалардын угуусуна окшобойт. Куранда 45 жолу айтылган.

28. Ал-Басийр. «Көрүүчү» деген маанини билдирет. Алла Таала ааламдагы бардык нерселерди көрүп турат. Ааламда эч нерсе Алланын назарынан четте калбайт. Бирок, Анын көрүүсү башкалардын көрүүсүнө окшобойт. Куранда 51 жолу айтылган.

29. Ал-Хакам. «Өкүм кылуучу» деген маанини билдирет. Алла Тааланын өкүмү эч өзгөрбөйт. Бардык нерселер Анын өкүмүнө гана баш иет. Алланын өкүмүн эч ким кайтара албайт. Куранда бул формада айтылган эмес, хадистерде айтылган.

30. Ал-Адл. «Адилеттүү, адилеттик кылуучу» деген маанини билдирет. Алла Таала ааламдагы ар бир нерсени адилеттүүлүк менен жаратып, жоктон бар кылып, ар бир макулукка өзүнө таандык форма жана өзүнө гана таандык милдет берди. Демек, адилет деп ар бир нерсе жана ар бир мүчөнүн Алла каалагандай жана Алла көрсөткөн милдетти так аткаруусуна айтылат. Куранда 29 жолу айтылган.

31. Ал-Латийф. «Иште же мамиледе өтө жумшак», «өтө терең илимдүү» деген маанилерди билдирет. Алла Тааланын өтө назик, терең илими менен кылган иштери жана мамилеси «лутф» деп аталат. Алла Тааланын пенделерине кылган лутфу – жумшактыгы өтө чексиз. Куранда 7 жолу айтылган.

32. Ал-Хабийр. «Бардык жашыруун жана ашкере нерселерден кабардар» деген маанини билдирет. Алла Таала ааламда болуп жаткан иштердин баарынан кабардар. Куранда 40 жолу айтылган.

33. Ал-Халийм. Мааниси: «Жазалоого шашылбаган,жумшактык (хулм) менен жакшылык кылып туруучу жана пенделердин күнөөлөрүн кечирүүчү» деген маанини билдирет. Алла Таала пенделер Өзүнүн өкүмдөрүнө каршы амалдарды кылып жатканын көрүп турса да, азап берүүгө жана өч алууга шашылбайт. Куранда 11 жолу айтылган.

34. Ал-Азийм. «Улуу, Бийик» деген маанини билдирет. Инсан Алланы канчалык Улуу деп ойлобосун Алла мына ушул ой-санаадан дагы Улуу жана Бийик. Куранда 9 жолу айтылган.

35. Ал-Гафуур. «Кемелдүү, толук кечирүүчү» деген маанини билдирет. Бул сыпат «Ал-Гаффар» сыпатына караганда толугураак маанини түшүндүрөт. Алла Таала «Ал-Гаффар» сыпаты менен пенделердин кайра-кайра жасаган күнөөлөрүн кечирсе, «Ал-Гафуур» сыпаты менен кайра-кайра кечирүү менен бирге толук жана кемелдүү кечирет. Куранда 91 жолу айтылган.

36. Аш-Шакуур. «Жакшылыкка андан көбүрөөк жакшылык менен жооп берүүчү», «Аз гана ибадатка көп ажыр-сооп берүүчү, белгиленген өмүрдө аткарылган амалдарга түбөлүктүү бейишти берүүчү» деген маанилерди билдирет. Куранда 4 жолу айтылган.

37. Ал-Алий. «Эн улуу мартабалуу» деген маанини билдирет. Алла Таала Өзүнүн макулуктарын бири-биринен улуу-мартабалуу кылып жараткан. Кимдин ибадаты таза жана так болсо, ошол адам башкалардан улуу-мартабалуу деп эсептелет. Куранда 6 жолу айтылган.

38. Ал-Кабир. «Улуулуктун (кибрия) ээси» дегенмаанини билдирет. Ал-Кабир сыпатынын мааниси Ал-Азиим сыпатынын маанисине жакын болгону менен алардын бири түшүндүргөн маанини экинчиси түшүндүрбөйт. Куранда 6 жолу айтылган.

39. Ал-Хафиз. «Сактоочу, Коргоочу» деген маанини билдирет. Алла Таала ааламды жоктон бар кылды жана аны жок болуп кетүүдөн сактап, коргоп турат. Куранда 3 жолу айтылган.

40. Ал-Мукит. «Материалдык жана руханий азык берүүчү» деген маанини билдирет. Алла Таала бардык тирүү нерселердин жей турган азык-оокаттарын жаратып, аларды камсыз кылып турат. Ошондой эле, дил азыгы болгон илим-билимди дагы дилдерине салыптурат. «Ал-Мукит» сыпаты кээде «Кудиреттүү» дегенмаанини дагы түшүндүрөт. Куранда 1 жолу айтылган.

41. Ал-Хасийб. «Кифая кылуучу (Жетиштүү)», «Эсепке алуучу» деген маанилерди билдирет. Алла Таала ар бир нерсеге, ар бир ишке Өзү жетиштүү. Куранда 3 жолу айтылган.

42. Ал-Жалийл. «(Бардык сыпаттары кемелдүү) Улуу, Салабаттуу» деген маанини билдирет. Чыныгы айбат-салабаттуулук Аллага гана таандык. Ал-Кабийр сыпаты Алланын Затынын кемелдүүлүгүн (кемчилик сиздигин) билдирсе, Ал-Жалийл Алланын сыпаттарынын кемелдүүлүгүн, толуктугун билдирет. Куранда бул формада айтылган эмес.

43. Ал-Карийм. «Убадасына туруучу (вафа) кылуучу», «Нээматтарын үмүт кылгандан да көбүрөөк берүүчү жоомарт» деген маанини билдирет. Куранда 3 жолу айтылган.

44. Ар-Ракийб. «Пенделердин ал-абалын ар дайым күзөтүп туруучу», «Бардык жашыруун жана ашкере амалдарды көрүп-билип туруучу» деген маанини билдирет. Куранда 3 жолу айтылган.

45. Ал-Мужийб. «Кабыл кылуучу», «Жооп берүүчү» деген маанини билдирет. Алла Таала жалбарып, дуба кылгандардын дубаларын кабыл кылат. Куранда 1 жолуайтылган.

46. Ал-Васиъ. «Кенен» деген маанини билдирет. Эгерде Алланын бул сыпатына Анын илимин кошсо, илими өтө кенен», эгерде мээримин кошсо «мээрими чексиз кенен» деп түшүнүлөт. Куранда 8 жолу айтылган.

47. Ал-Хаким. «Чексиз даанышмандык жана акыл-ээси», «Өтө назик илимдерди билүүчү» деген маанилерди билдирет. Куранда Алланын ысым-сыпаты катары 38 жолу айтылган.

48. Ал-Вадууд. «Дос», «Сүйүктүү» жана «Жалпы макулуктарга жакшылыкты каалоочу» деген маанилерди билдирет. «Ал-Вадууд» сыпаты «Ар-Рахим» сыпатына жакын маанини түшүндүрөт. Бирок, андан айырмасы «Ар-Рахим» муктаждарга болгон ырайым-мээримдүү болсо, «Ал-Вадууд муктаж болгондорго дагы, болбогондорго дагы бирдей ырайым жакшылык кылууну сүйүүчү деген маанини билдирет. Куранда 2 жолу айтылган.

49. Ал-Мажид. Иштери көркөм, мээрими улуу, нээматы чексиз жана Улуу-урматтуу» деген маанини билдирет. Куранда 2 жолу айтылган.

50. Ал-Баъис. (Өлгөндөн кийин кайра Тирилтүүчү», «(Жүрөктөгү жашыруун сырларды ачып) Ойготуучу» деген маанин билдирет. Куранда этиштик формаларында бир канча орунда келген.

51. Аш-Шахид. «(Бардык нерселерди көрүп-билип туруучу) күбө» деген маанини билдирет. «Аш-Шахийд» биз жогоруда өткөн «Ал-Алийм», «Ал-Хабиир» деген ысым-сыпаттардын маанисине жакын маанилерди билдирет. Куранда Алла Тааланын ысым-сыпаты катары 3 жолу айтылган.

52. Ал-Хакк. «Чындыгында бар», «Акыйкат» деген маанилерди билдирет. Толук кемелдүү акыйкат бир гана Алла Таала. Ааламдагы бардык нерселер жаралышта акыйкат болгон Алла Талага муктаж. Куранда 10 жолу айтылган.

53. Ал-Вакийл. «Ааламдагы бардык иштерди өзүнүн кепилдигине алып башкаруучу» деген маанини билдирет. Куранда 14 жолу айтылган.

54. Ал-Ковий. «Чыныгы күч-кудуреттин Ээси деген маанини билдирет. Алла Таала теңдешсиз күч-кудирет Ээси. Ааламдагы ар бир иш, абал Алланын кудиретине байланган. Инсандын көзүнө көрүнүп жана көрүнбөй турган бардык нерселерди Алла Таала өз Кудирети менен башкарып турат. Куранда 9 жолу айтылган.

55. Ал-Матиин. «Бекем күч-кубаттуу» деген маанини билдирет. Куранда 1 жолу айтылган.

56. Ал-Валий. «Сүйүктүү дос, жардам берүүчү» деген маанини билдирет. Куранда ушул формада жети жолу, башка формаларында бир канча жолу айтылган.

57. Ал-Хамид. «Мактоого татыктуу» деген маанини билдирет. Алла Таала мактоого татыктуу Зат. Эгер пенделер жана периштелер Аны мактабаса дагы Алла Таала Өз Затында – Макталган. Куранда 17 жолу айтылган.

58. Ал-Мухсий. «Кандайдыр бир маалым нерсенин санын, ичиндеги жана айланасындагы бардык нерселерин билип, эсептеп туруучу» деген маанини билдирет. Алла Тааланын билими жана эсебинен эч нерсе четте калбайт. Куранда этиштик формалары бир канча жерде айтылган.

59. Ал-Мубдий. «Биринчи жолу пайда кылуучу» деген маанини билдирет. Куранда этиштик маанилери бир канча жерде айтылган.

60. Ал-Муъид. «Биринчи жолу жаратканы жок болуп кеткенден кийин аны кайрадан жаратуучу» деген маанини билдирет. Алла Тала бардык макулуктарды Өзүнүн «Ал-Мубдий» деген сыпаты менен жоктон бар кылган. Өзү каалаган убакыт келгенде бул нерселердин баары жок болот. Андан кийин Алла Таала Өзү каалаган макулуктарды Өзү каалаган мезгилде, «Ал-Муъид» сыпаты менен кайрадан пайда кылат (жаратат). Куранда этиштик формалары бир канча жерде айтылган.

61. Ал-Мухйий. «Жашоо берип, тирилтүүчү» деген маанини билдирет. Куранда ар түрдүү формада бирканча жерде айтылган.

62. Ал-Мумийт. «Жашоону алуучу, өлтүрүүчү» деген маанини билдирет. Ал-Мубдий сыпатынан «Ал- Мухйий» сыпатынын айырмасы, Ал-Мубдий бар кылуучу, Ал-Мухйий бар кылгандан кийин, жашоо берүүчү деген маанини билдирет. Куранда ар түрдүү формада бир канча жерде айтылган.

63. Ал-Хайй. «Түбөлүк тирүү» деген маанини билдирет. Алла Тааладан башка бардык бар болгон макулуктар өлүм даамын татат, жок болот. Чыныгы кемелдүү, Тирүү Алла Таала гана түбөлүк тирүү сыпаты менен сыпатталган. Куранда 5 жолу айтылган.

64. Ал-Кайюм. «Ар дайым даяр туруучу» деген маанини билдирет. Алла Тааланын бул сыпаты Өз затында түбөлүк жана эч нерсеге муктаж эмес. Тескерисинче, бардык жаратылгандардын «кайюм» болуп туруусу Алла Таалага гана муктаж. Куранда 3 жолу айтылган.

65. Ал-Ваажид. «Каалаган нерсесин Табуучу», «Бар болуучу» деген маанилерди билдирет. Куранда айтылган эмес, хадисте айтылган.

66. Ал-Маажид. «Ал-Маажид» сыпаты да «Ал-Ваажид» сыпатына жакын маанини билдирет. Бирок, «Ал-Маажид» «Ал-Ваажидге» караганда кеңирээк, күчтүүрөөк, толугураак маанилерди ичине камтыйт. Куранда башка формада эки жолу айтылган.

67. Ал-Ваахид. «Жападан-жалгыз» деген маанини билдирет. Алланын жалгыздыгы Өзүнө гана таандык болгон жалгыздык. Куранда 6 жолу айтылган.

68. Ас-Сомад. «Бардык барлыктар Ага муктаж болгон, Өзү эч кимге жана эч нерсеге муктаж болбогон» деген маанини билдирет. Куранда 1 жолу айтылган.

69. Ал-Кадир. «Кудиреттүү» деген маанини билдирет. Куранда 7 жолу айтылган.

70. Ал-Муктадир. «Кудиреттүү» деген маанини билдирет. Бирок, «Ал-Муктадир» кудирети күчтүүрөөк деген маанини билдирет. Алла Таала Өзүнүн «Ал-Кадир», «Ал-Муктадир» деген сыпаттары менен өзү каалаган ишин аткарууга кадыр (кудурети жетет). Каалаганын аткарып, каалаганын аткарбайт. Куранда 4 жолу айтылган.

71. Ал-Мукаддим. «Өзүнө жакын кылуучу», «Алдыга жылдыруучу» деген маанилерди билдирет. Куранда айтылган эмес, хадисте айтылган.

72. Ал-Муаххир. «Өзүнөн узак кылуучу», «Кечиктирүүчү» деген маанилерди билдирет. Куранда айтылган эмес, хадисте айтылган.

73. Ал-Аввалу. «Түбөлүк», «Бардык нерселерден мурдагы» деген маанини билдирет. Куранда 1 жолу айтылган.

74. Ал-Аахиру. «Түбөлүктүү, эң акыркы» деген маанини билдирет. Куранда 1 жолу айтылган.

75. Аз-Захиру. «Далилдер менен ачык-ашкере» деген маанини билдирет. Куранда 1 жолу айтылган.

76. Ал-Батину. «Сезимдерден жашыруун, купуя» деген маанини билдирет. Куранда 1 жолу айтылган.

77. Ал-Вали. «Бардык макулуктарды Башкаруучу Өкүмдар». Алла Таала бардык ааламды жалгыз Өзү жаратты жана ааламдагы бардык иш-аракетти өзү гана башкарып турат. Куранда 7 жолу айтылган.

78. Ал-Мутаали. Бул ысымдын мааниси жогорудагы «Ал-Аалий» сыпатынын маанисине окшош, бирок   андан тереңирээк, жогору маанини билдирет. Куранда 1 жолу айтылган.

79. Ал-Барр. «Жакшылык кылуучу» деген маанини билдирет. Куранда Алланын сыпаты катары 1 жолу айтылган.

80. Ат-Тавваб. «Пенделерине тообону жеңил кылып берүүчү жана ошол тооболорду кабыл кылуучу» деген маанини билдирет. Куранда 6 жолу айтылган.

81. Ал-Мунтаким. «Өч алуучу» деген маанини билдирет. Алла Таала Өзү түзүп берген шарият өкүмдөрүнө баш ийбегендерден өч алат. Бирок, Алла Таала адилеттүү болгондуктан, алгач пенделерге эскертет. Куранда этиштик жана башка формаларында айтылган.

82. Ал-Афув. «Каталарды жууп жиберүүчү, күнөөлөрдү кечирүүчү» деген маанини билдирет. Жогорудагы «Ал-Гафуур» жана «Ал-Гаффар» сыпаттары Алланын кечирүүчү сыпатын билдирсе, «Ал-Афув» ысымы ката-кемчиликтерин, күнөөлөрүн жууп, жоготуп жиберүүчү деген сыпатты билдирет. Куранда 5 жолу айтылган.

83. Ар-Рауф. «Өтө Мээрбан, Ырайымы кенен» деген маанини билдирет. Жогорудагы «Ар-Рахман», «Ар-Рахиим» ысымдарына жакын болгону менен өзүнө таандык тактап айтканда, тереңирээк маанилерди билдирет. Куранда 10 жолу айтылган.

84. Малик ал-Мулк. «Ааламдагы бардык мүлктүн Ээси» деген маанини билдирет. Куранда «Малик» деген формада 3 жолу келген.

85. Зул-Жалали вал-Икром. «Улуулук жана урмат ээси», «пенделерге улуулук тартуу кылуучу» деген маанилерди билдирет. Алла Тааланын улуктугун биз «Ал-Жалил» жана «Ал-Карим» сыпаттары аркылуу билгенбиз. Бул ысым да ошол ысымдарынамааниси жагынан окшош, бирок инсандарга улуулук тартуулоо деген маанини да билдирет. Куранда 2 жолу айтылган.

86. Ал-Муксит. «Акыретте кордолгондорго заалымдардан акысын алып берүүчү Адилеттүү» деген маанини билдирет. Алла Таала Акырет күнү бардык зыян тарткандарга заалымдардан өч-акысын алып берип, Өзүнүн адилеттигин орнотот. Куранда башка формаларында айтылган.

87. Ал-Жаами. «Топтоочу», «Чогултуучу» деген маанилерди билдирет. Алла Таала акыретте жалпы каалайыкты махшар майданына чогултат. Куранда ар түрдүү формада бир канча жолу айтылган.

88. Ал-Ганий. «Бай, Өзүнүн затында, ишинде жана сыпаттарында эч кимге муктаж эмес» деген маанилерди билдирет. Куранда 18 жолу айтылган.

89. Ал-Мугний. «Муктаж кылбоочу, камсыз кылуучу» деген маанилерди билдирет. Алла Таала бардык макулуктарды керек болгон нерселери мененкамсыз кылып турат. Куранда айтылган эмес, хадисте айтылган.

90. Ал Маниъ «Кайтаруучу», «Токтотуучу» деген маанилерди билдирет. Алла Таала ар кандай апаат-балээлерди кайтарат, токтотот. Куранда 1 жолу айтылган.

91. Аз-Зарр. «Зыян жеткирүүчү деген маанини билдирет. Хадисте айтылган.

92. Ан-Нафи. «Пайда берүүчү» деген маанини билдирет. Хадисте айтылган.

93. Ан-Нуур. «Жарык кылуучу» деген маанини билдирет. Алла Таала ыймандуу пенделердин жүрөгүн ыйман менен нурдантат. Куранда өтө көп аяттарда айтылган, бирок Алланын сыпаты катары хадистерде айтылган.

94. Ал-Хаади. Туура жолго баштоочу», «Хидаят кылуучу» деген маанини билдирет. Куранда түрдүү формаларда келген, Алланын сыпаты катары хадисте айтылган.

95. Ал-Бадиъ. Тендешсиз жаратуучу» деген маанини билдирет. Алла Таала өзүнүн затында, ишинде жана сыпатында теңдешсиз. Куранда 2 жолу айтылган.

96. Ал-Бакий.«Түбөлүк калуучу», «Ар дайым бар» деген маанини билдирет. Ааламдагы бардык нерселер Аллага маалым болгон бир мезгилде жок болуп кетет. Бир гана Алла Таала «Бакий» калат. Куранда ушул формасында айтылган эмес, хадисте айтылган.

97. Ал-Варис. «Мурас алуучу», «Мурас алуучу болуп калуучу» деген маанилерди билдирет. Акыретте Аллакаалагандан башка бардык нерсе жок болуп, өзү жалгыз Мурас Алуучу болуп калат. Куранда көптүк формасында 3 жолу айтылган.

98. Ар-Рашид. «Туура жол көрсөтүүчү» деген маанини билдирет. Куранда ушул формасында 1 жолу айтылган.

99.Ac-Сабур. «Сабырдуу», «Күнөөлүүлөрдү жазалоого шашылбастан сабыр кылуучу» деген маанилерди билдирет. Куранда бул формада айтылган эмес, хадистерде айтылган.

Даярдаган: Самидин кары Атабаев,

Азирети Муфтийдин орун басары

Колдонулган булактар:

  1. Абу Муъин Насафи, «Табсирату аль-Адилла»;
  2. Тафтазани, «Шархул-Акаид»;
  3. А. Калбердиев, «Калам: Ахли сүннөт теологиясы»;
  4. Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак;
  5. «Манас» эпосу,// С. Орозбак уулунун варианты;
  6. А. Сеитбеков, «Ыйман бутактары»;
  7. https://sorularlaislamiyet.com

[1]Шуура сүрөсү, 11-аят

[2]Аьраф сүрөсү, 180-аят