Май айылынын имамы Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды

Манас райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 2022-жылдагы аткарылган иштерди жыйынтыктоо боюнча чогулуш болуп өттү. Ага Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев баштаган дин кызматкерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылы мыкты иш алып баргандардын эмгеги бааланып, сыйлыктар тапшырылды. Баалоо алкагында Май айылындагы «Май» мечитинин имам-хатиби Тургуналы ажы Молдоналиев диний жана конфессиялар аралык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды.