Кара-Буура районунда «Саламым сага болсун, Пайгамбарым» аттуу конкурс болуп өттү

Кара-Буура районунун баш имам-хатиби Исламбек Куматаев «Адеп башаты» диний уюму менен биргеликте жалпы Кара-Буура району боюнча «Саламым сага болсун, Пайгамбарым» аттуу конкурс уюштурду. Аталган конкурска жергиликтүү тургундар демөөрчүлүк кылып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр акчалай жана кызыктыруучу баалуу белектер менен сыйланышты.

Кара-Буура районунун баш имам-хатиби конкурстун демөөрчүлөрүнө ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөрдү кызуу куттуктады. Ушул сыяктуу конкурстарды дагы да өткөрүлүп турарын билдирген Исламбек Куматаев жакынкы күндөрдө 14 жашка чейинки кыздар арасында Куран жарышы өтөрүн билдирди.