Жалал-Абаддагы диний билим берүү мекемелеринин коопсуздугун текшерүү жыйынтыкталды

КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Дилмурат ажы Орозовдордон турган комиссия Жалал-Абаддагы диний окуу жайларды текшерди. Азирети Муфтийдин буйругунун негизинде Жалал-Абаддагы медресе жана диний окуу борборлордун кышка камылгасы, санитардык абалы, студенттердин саламаттыгы жана өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар көзөмөл кылынып, мониторинг жасалды.

«Облус боюнча жалпы 14 диний мекемени зыярат кылдык. Жогоруда аталган талаптар боюнча кемчилиги бар окуу жайларга эскертүүлөрдү берип, жетишпестиктерди жоюу боюнча чукул тапшырмаларды бердик», – деп билдирди бөлүм башчы.

Иш-чаранын алкагында  Аалымдар Кеңешинин протоколдук чечимин ишке ашыруу максатында матуридилик акыйдасы боюнча лекциялар окулуп, ысырапкерчилик, жол эрежелерин сактоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги милдеттендирилди.