Ысык-Көлдө мечиттердин дээрлик 85% каттоодон өткөрүлдү

27-январь күнү Балыкчы шаарынын “Ырыс” борбордук мечитинде КМДБнын чарба-курулуш бөлүмүнүн башчысы Асанбай ажы Бекматов Ысык-Көл облусундагы  шаар жана райондордун баш имам-хатибдери менен жолугушту.

“Учурдун талабына ылайык, облус боюнча мечиттердин каттоо иштери менен таанышып, кездешип жаткан кыйынчылык болуп жатса жардам кылуу, кеп-кеңеш, көрсөтмө берүү”, – деп билдирди Асанбай ажы.

Облус казысы Алмазбек ажы учурда облус боюнча мечиттердин жалпы саны, алардын ичинен өткөн жылдын эсебинен каттоодон өткөндүгү жана 2023-жылы документтери жөнөтүлгөн диний объектилер туурасында бөлүм башчыга маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө баш имам-хатибдер учурда жаңыдан курулуп жаткан мечиттер туурасында маалымат берип, Асанбай ажыга өздөрү кызыккан суроолорду узатышты.

Облус боюнча мечиттердин дээрлик 85% каттоодон өткөрүлүп, учурда калган мечиттерди каттоодон өткөрүү аракеттери көрүлүүдө.