Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад ОИИБнин жаңы жетекчиси менен жолугушту

Бүгүн, 27-январь күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажыЖээнбеков Жалал-Абад ОИИБнин жаңы дайындалган жетекчиси Жеңишбек Абитов менен жолукту. Жолугушууда тараптар облус тургундарынын жана меймандарынын тынчтык-бейпилдиги, жаштар арасындагы рэкетчилик, суицид, үй-бүлөлөрдөгү зордук-зомбулук, жарандардын коопсуздугу, авто-жол кырсыктардын алдын алуу боюнча пикир алышып, биргеликте чогуу иш алып барууну макулдашты.

Зыярат соңунда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы ОИИБнин ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, мамлекет жана эл-журт үчүн дуба кылды.