Жалал-Абад облусунун казысы облустук ЖКККБнын кызматкерлери менен жолугушту

Жалал-Абад облусунун  мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) ЖКККБнын башчысы, милициянын полковниги Айжигит Зикиров менен жолугушту. Зыярат учурунда облус казысы жол кайгуул кызматкерлеринин аткарып жаткан алгылыктуу иштерине ыраазычылык билдирди.

Облус казысы аны менен бирге жалпы айдоочуларга кайрылып, жол эрежесин сактоо шарият боюнча да зарыл керектигин белгилеп, автоунааны сабырдуулук менен шашпай башкарууну насаат кылды.

Ошону менен бирге ЖКККБнын кызматы жоопкерчилик жана тактыкты талап кыларын белгилеп, кызматкерлердин иштерине ийгилик каалап, дубасын берди.