Равшан ажы Эратов Ош облусундагы ДОЖ жетекчилерине жыйын өткөрдү

КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Ош облусуна атайын иш сапары менен барып, окуу жайлардын жетекчилерине жыйын өттү. Жыйынга облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, казыят кызматкерлери, диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жана окуу борборлордун жетекчилери катышты.

Жыйындын алкагында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде диний окуу жайларда матуридилик акыйдасы боюнча мугалимдер жана андагы окуучуларды тереңдетип окутуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле диний окуу жайлардагы мугалимдердин матуриди акыйдасы боюнча билим деңгээлин жогорулатуу максатында Аалымдар кеңеши тарабынан адистер дайындалып, алар алгач мударистерге, андан кийин студенттерге  багытталган курс уюштуруу каралып жаткандыгы айтылды. 

«Диний билим алып жаткандар да, берип жаткандар да өз акыйдабызды жана манхажыбызды жогорку деңгээлде билиши керек. Ошондуктан алгач окутуучулардын акыйдалык билим деңгээлин жогорулатуу учур талабы. Атайын курсту бүткөн мугалимдерге окугандыгын тастыктаган күбөлүк ыйгаруу пландалып жатат», – деп билдирди КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.