Равшан ажы Эратов “Агартуу керебенинин” алкагында Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары менен жолукту

Кечээ, 27-январь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин «диний агартуу кербенин уюштуруу» жөнүндөгү буйругун аткаруу алкагында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү «Ача-Мазар» мечитинде эл менен жолугушуп, жума баян өттү.

Жума кутбасында «Улуттар аралык жана үй-бүлөлүк ынтымак» аттуу темада баяндама жасап, улутка, урууга, ата-текке карап бөлүнбөөгө чакыруу менен төмөнкүлөргө токтолду:

«Алла Таала Куран-и Каримде: «Оо, инсандар! Биз силерди бир ата, бир энеден жараттык жана бири-бириңерди таанып, билүүңөр үчүн силерди элдер, улуттар, уруулар кылып койдук. Кудай астында силердин эң урматтууңар Алладан коркконуңар» деген. Эч бир улут башка бир элден артык эмес. Башка аяттарда «мусулмандар – бир туугандар» деп айтылат. Бир тууган ага-инилерибизге кандай мамиле кылса, мусулман бурадарыбызга да ошондой мамиле кылуубуз зарыл», – деди Равшан ажы Эратов.

Баяндын соңунда ажылыкка каттоо башталгандыгы турасында айтып, ибадаттык сапарды уюштуруунун шарттары жана талаптары, ошондой эле каттоо мөөнөттөрү боюнча маалымат берди.