Оштогу диний окуу жайлардын техникалык коопсуздугу текшерилип, айрым медреселерге эскертүү берилди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгыныннын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, казыяттын чарба жана бухгалтерия бөлүмүнүн адиси Сулейман ажы Шерматов жана кадр, катчылык жана маалымат адиси Ибрагим Ильяс уулунан түзүлгөн комиссия аймактагы диний билим берүү мекемелерин текшерди.

Азирети Муфтийдин №350-буйругунун аткарылышы боюнча облус аймагындагы медреселердин санитардык абалы, окуучулардын саламаттыгы, өрт, иске уулануу коопсуздугунун алдын алуу жана имараттын жылуулугу боюнча көрүлгөн чаралар менен таанышылып, мониторинг жасалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым медреселер суукка байланыштуу аралыктан окууга өткөндүгү белгилүү болду. Равшан ажы Эратов учурда офлайн режимде окуп жаткан студенттер менен жолугуп, “Куран жаттоодогу сооптор” жана “Матуриди акыйдасындагы түшүнүктөр” аттуу темада баяндама жасады.

Текшерүүнүн алкагында көрсөтүлгөн нормаларга жана талаптарга жооп бербеген “Хамиджан кары” жана “Абдусаттар ажы” медреселерине акт түзүлүп, калыбына келтирүү үчүн мөөнөт берилип, тапшырманы аткаруу жетекчиликке милдеттендирилди.

«Медреселер – бул коомдук жайлар. Университеттерде жана мектептерде талап кылынган шарттардын баары медреседе болушу керек. Окуучулар сиздерге аманат, алардын ден соолугу, коопсуздугу жана алып жаткан илимдери сиздерден көз каранды. Үмүт менен окуп жаткан студенттерге бардык тараптан мүмкүнчүлүктөрдү, шарттарды түзүп беришиңиздер зарыл», – деп билдирди Равшан ажы Эратов.