Кара-Суу районунда муктаж балдарга кышкы кийимдер таратылды

Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Сармазар айылындагы «Сармазар» мечитинин имам-хатиби  Рахимжан ажы Нишановдун демилгеси менен 130 муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына 412 000 сомдук кышкы жылуу күрмөлөр жана бут кийимдер таркатылып берилди. Рахимжан ажы кайрымдуулук кылгандарга жана аманаттарды жеткирүүдө жакындан көмөк көрсөткөндөргө терең ыраазычылыгын билдирип, себепчилерге дуба кылды.

«Пайгамбарыбыз  (с.а.в.) өзүнүн куттуу хадисинде: «Жакшылыкка далаалат кылуучу жакшылык ишти аткарган сыяктуу эле сооп алат», – деп айткан. Рахимжан ажы көптөгөн кайрымдуулук иштерин уюштуруп, муктаж үй-бүлөлөргө жана жетим-жесирлерге жардам берип келет. Азыркы күндөрдө умра сапарын уюштуруп, андан түшкөн каражаттын он пайызын жетим балдарга сарптайт. Өлкөбүздө Рахимжан ажыдай кайрымдуулар көп болсун», – деп билдирди райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.