Мирланбек ажы Токтомушов Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды

Бүгүн, 28-январь күнү Ош шаарындагы «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлерине кезектеги айлык жыйын өткөрүлүп, КМДБнын №18 буйругунун негизинде шаардын жаңы казысы дайындалды. Аталган буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койгон. Буйрукту Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев тааныштырды.

Мирланбек ажы Токтомушов жөнүндө кыскача маалымат:

Туулган жылы: 07.06.1980

Туулган жери: Ош обл, Кара-кулжа району Ылай-Талаа айылы

ДИНИЙ БИЛИМИ:

1997-1999 ж.ж.  Бишкек шаарындагы “Хазирети Умар” ислам институту

1999-2003 ж.ж. Сирия араб мамлекети “Айнь аль-Араб” ислам институту

2010-2014 ж.ж. Ош “Абдужапар” ислам институту

2010-2017 ж.ж.  Ош Мамлекеттик Юридикалык институту, укук таануу адистиги

ЖУМУШ ТАЖРЫЙБАСЫ:

2011-жылдан бери “Шейит-Дөбө” мечитинин баш имам-хатиби  

2014-2019 жж. Ош шаарындагы Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби

2019-2022-ж.ж. Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары

2022-жылдын октябрь айынан баштап, Ош шаарынын мусулмандар казысынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келген.

МҮНӨЗДӨМӨСҮ:

• Жамаат менен иштеше билүү

• Уюштуруучулук менен жумуштун аягын чыгара билүү

• Жаңы билим, идеяларды изденүү, ишке ашыруу

• Баардык кызмат, жумушка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу

АЛГАН СЫЙЛЫКТАРЫ:

• КР Ички иштер министрлигинин ардак грамотасы

• Ош шаардык мэриясынын ардак грамотасы • Ош шаардык мусулмандар казыятынын ыраазычылык баракчасы