Таалайбек ажы Акунов мектеп окуучулары менен жолугушту

Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов Бөкөнбаев айылынын “Токтобай уулу Шамей” атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 8-9-класстардын окуучулары менен жолугушту. Иш-чара мектеп жетекчилиги менен макулдашуунун негизинде уюштурулуп, окуучуларга актуалдуу маселелер боюнча лекция окулду. Тактап айтканда, тынчтыктын зарылдыгы, арактын зыяндуулугу жана убакытты туура пайдалануунун пайдасы туурасында баяндама жасалды.

«Бул иш-чаранын максаты окуучуларга экстремизм, терроризм боюнча маалымат берип, «дин жана жашоо», «арак жана зына», «убакытты туура пайдалануу» аталыштагы таалим-тарбия сабагын өтүп, кеңири маалымат берүү болду», – деп билдирди Таалайбек ажы.