Баткенде диний окуу жайлардын абалы текшерилди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №350 буйругуна ылайык, Баткен облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын абалын, өрт коопсуздугун жана санитардык эрежелерин текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кадамжай, Баткен районундагы жана Кызыл-Кыя, Баткен шаарындагы медреселердин тазалыгы, өрт коопсуздугу каралып, аныкталган айрым кемчиликтер боюнча диний окуу жайдын жетекчилигине тез арада жоюу тапшырмасы жана  сунуш, пикирлер айтылды.

«Медресе мүдүрлөрү диний окуу жайдын жалпы коопсуздугуна жооптуу. Ар дайым сактык эрежелерине жоопкерчилик менен мамиле жасалуусу керек. Окуп жаткан ар бир окуучу коопсуз шартта билим алуусу зарыл», – дейт Равшан ажы Эратов.

Диний окуу жайлардын абалы текшерүү иштерине Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казыят адистери жана имам-хатибдер катышты.