Баткенде медресе мүдүрлөрүнө жыйын өткөрүлүп, матуридилик акыйдасы боюнча курс уюштурулары айтылды

КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Баткен казыятынын жыйындар залында медресе мүдүрлөрүнө жыйын өткөрдү. Жыйынга облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казыят кызматкерлери жана облус аймагындагы ДОЖ жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде диний окуу жайларда матуридилик акыйдасы боюнча мугалимдер жана студенттерди тереңдетип окутуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле диний окуу жайлардагы окутуучулардын матуридик акыйдасы боюнча билим деңгээлин жогорулатуу максатында Аалымдар кеңеши тарабынан адистер даярдалып, алар алгач мударристерге, андан кийин студенттерге багытталган курс уюштуруу каралып жаткандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда жалпы 16 диний окуу жай бар.