Мирланбек ажы Токтомушов: «Жакшы окуп, түз жүрүү менен ийгиликке жетесиңер»

Ош шаарынын мусулмандар казысы Мирланбек ажы Токтомушов Ош соода экономикалык колледжинин студенттери менен жолукту. Жолугушуунун алкагында ислам баалуулуктары боюнча баяндама жасалып, диний суроо-жооп менен жыйынтыкталды.

«Жаштар биздин келечегибиз. Жакшы окуп, түз жүрүү менен ийгиликке жетесиңер. Силердин ийгилигиңер өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон чоң салым болот. Аллахым зээниңерди ачык кылып, илим алууга болгон кызыгууңарды дагы да арттырсын», – деди шаар казысы Мирланбек ажы Токтомушов

Аталган иш-чарага окуу жайдын жетекчиси Зулпукар Молошев башташан окутуучулар жамааты жана окуу жайдын жалпы студенттери катышты. Ошондой эле окуу жайдын жетекчилиги менен мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүү сүйлөшүлдү.