Бакай-Ата имамдары 2022-жылы аткарган иштери боюнча маалымат беришти

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата медресесинин жыйындар залында райондун имам-хатибдери өткөн жылда аткарган иштери боюнча Талас облусунун мусулмандар казыятына бир жылдык отчётун беришти.

Имам-хатибдердин отчётун уккан Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдусамат уулу 2023-жылы ажылык боюнча маалымат берди. Ажылыктын талаптарын жана шарттарын Талас облусу боюнча оператор Замирбек Кадыралиев кенен түшүндүрүп, ар бир имам өз айылдарына жеткирүү зарылдыгына токтолду.

Ошону менен катар облустарга квота бөлүнбөй, өлкө боюнча жандуу кезек уюштуруларын баса белгилеп, «Быйыл квота менен эмес, РСК банкка төлөнгөн квитанциянын негизинде кезек болот. Бул УРШнын чечими. Ошондуктан ажлык сапарына барам дегендер болсо, 20-февралдан баштап 1000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп катталат», – деди өз сөзүндө.