Кызыл-Адыр айылында кыздар арасында Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө ноутбук, планшет жана телефон тапшырылды

Талас облусунун Кара-Буура районунун баш имам-хатиби Исламбек Куматаев «Адеп башаты» диний уюму менен биргеликте Кызыл-Адыр айылындагы «Ислам Нуру» мечитинде жаш жеткинчектер арасында Куран жарышын өткөрдү.

 «Жаштарды Куран жаттоого шыктандыруу максатында дайыма куран жарышын уюштуруп келебиз. Бул жолу  6 жаштан 14 жашка чейинки жаңыдан куран жаттап жаткан кыздар арасында өткөрдүк», – деп билдирди Исламбек Куматаев.

Анын айтымында, жеңүүчүлөргө ноутбук, планшет, телефон сыяктуу баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.