Борбор калаадагы жана Чүйдөгү ДОЖдордун техникалык коопсуздугу текшерүүдөн өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмүнүн адиси Куштарбек Маматов Азирети Муфтийдин №04 буйругуна ылайык Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун Ысык-Ата району жана Токмок шаарынын аймагындагы диний окуу жайларынын техникалык абалын, өрт коопсуздугун жана санитардык эрежелерин жеринен текшерип чыкты.

«Негизинен диний окуу жайлар заманбап шарттар менен курулуп, ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет. Студенттерге жагымдуу шарттар түзүлүп, жылуулуктарга жакшы көңүл бурулган. Текшерүү учурунда медреселердин өрт коопсуздугуна жакшы даярданганы билинди. Медреселердин өрт коопсуздугу, тазалыгы каралып, аныкталган айрым кемчиликтер боюнча диний окуу жайдын жетекчилигине тез арада жоюу боюнча тапшырма берип, сунуш, пикирлерди айттык», – деп билдирди Маматов.

Белгилей кетсек, текшерүү иштерине борбордук мечиттин электр энергетика адиси Баатырбек Джумабаев көмөк көрсөткөн.