Ысык-Көлдө имамдарга жыйын өтүп, иш пландын негизинде иштөө талабы коюлду

SONY DSC

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев райондогу имамдарга жыйын өткөрдү. Жыйында имамдардын коомчулук менен иш алып баруусун жакшыртуу, КМДБ жана казыяттан келген буйруктардын аткарылышы, даават маселеси боюнча тартиптүү иш  жүргүзүү зарылдыгы боюнча талкуу жүргүзүлүп, бул жаатта түшүндүрүү иштерин жайылтуу талабы коюлду.

“Бүгүнкү жолугушуунун максаты ар бир имамдын ишмердүүлүгүнөн кабар алуу менен бирге, мечиттердин каттоосу, тазалыгы, айрым мечиттерди суу менен камсыз кылуу маселеси боюнча таанышуу болду”, – деп билдирди Максат Сейталиев.

Белгилей кетсек, аталган жыйында жыл ичинде иш пландын негизинде иш алып баруу маселеси да каралды.