КИУ окутуучусу Сирожидин ажынын апасы Уулжан эненин акка моюн сунганына байланыштуу көңүл айтабыз!

Кыргызстан ислам университетинин окутуучусу Гулбаев Сирожидиндин ажынын апасы Кожо кызы Уулжандын 91 жашында дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана муфтияттын жалпы жамааты көңүл айтат.

Урматтуу Сирожидин агай! Уулжан апабыздын дүйнө салганына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Алла Таалам сизге жана жакындарыңызга сабыр, күч-кубат берсин. Жараткан маркум апаңызды Өз ырайымына алып, Бейиш бакчаларын насип кылсын. 

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамааты сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уругуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөт.