Кара-Буура районунун имамдары 2022-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалымат беришти

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылынын «Фирдаус» мечитинде облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев имам-хатибдер менен жолугушуп, бир жыл аралыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын укту.

Ушундай эле жыйын Талас шаарынын имам-хатибдери менен да болуп, облус казысы имамдарга ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалап өттү.

«Урматтуу имамдар, баарыңыздардан Аллахым ыраазы болсун. Кандай учур болбосун эл кызматындасыздар, ишиңиздер ар дайым ийгиликтүү болсун. Мына буйруса ажылык сапары башталып жатат. Ажылык милдетин аткарам дегендерге ажылык сапарынын КМДБ тарабынан келген бардык маалыматтарды жеткириңиздер. 20-февраль күндөн тартып РСК банкына төлөмүн төлөп казыятка келип катталышы керек, быйылкы жылы төлөнгөн төлөмдүн негизинде кезек болот. Балким кезек 6-мартка жетпей эле жабылып калышы мүмкүн. Андыктан канчалык эртерээк төлөнгөн болсо, ошончолук мүмкүнчүлүк көп болот», – деди.