Покровкада муктаждар үчүн бекер нан кутучасы ачылды

Талас облусуна караштуу Манас районунун Покровка айылындагы набайканага атайын кутуча жасалды. Кутучага айылдын демилгелүү жаштары күнүгө нан салып тургандай кылып набайчыга акчасын төлөп турушат.

Алгачкылардан болуп райондун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев демилгенин башында турган айыл имамы жана башка айылдын имамдары менен нан салып, муктаждыгы бар адамдарга таратышты.

«Нанга барган ар бир жаран муктаждарга жардам иретинде нан салып турса болот. Кээ бир инсандарга жеңилдиги бар, себеби ар кандай учур болуп калышы ыктымал, ошол учурда кутудан бекер нан алып турушат. Мүмкүнчүлүгү бар адамдар набайчыга акчасын төлөп нан салып турса чоң сооп болот», – деди район баш имам-хатиби.