Шакир ажы Маматов: «Ажыга баруучулар өз убагында каттоодон өтсө, эч кандай көйгөй жаралбайт»

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов «Тоиба» мечитинде калаадагы жалпы имамдарга жыйын өткөрдү. Жыйында ысырапкерчиликти токтотуу жана 2019-2022-жылдары ажылыкка кезекте турган талапкерлерди каттоонун шарт-талаптары талкууланды.

«Учурда каттоо иши кызуу жүрүп жатат. 2023-жылдын 14-февралына чейин кезекте турган жарандар гана каттала алат. Жаңы катталуучулар 20-февралдан 6-мартка чейин катталса болот. Ажыга баруучулар өз убагында каттоодон өтө турган болсо, эч кандай көйгөй жаралбайт. Айрыкча банктык төлөмдөрдү эртерээк төгүү керек. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл ажылыкка көп квота бөлүнүптүр, бул да болсо чоң мүмкүнчүлүк. Ошондуктан ажылыкка ниеттенип жүргөн жарандар жогоруда айтылган күндөрү келип катталып кетишсе болот», – деп билдирди калаа мусулмандарынын казысы.

Жыйын сонунда имамдарга ысырапкерчиликтин кесепеттери тууралуу ар жума баянында кыскача түшүнүк берип туруу тапшырмасы берилди.

Айта кетсек, Бишкек калаасы боюнча шаардык Борбордук мечитте (Гоголь-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде) ажылыкка кезекте турган жарандарды каттоо кызуу жүрүүдө.