Свердловдо айдоочуларга багытталган «Үй-бүлөң сени күтөт!» аттуу иш-чара өттү

Бишкек шаарынын «Жанбото ата» мечитинин имамы Камилжан ажы Муратов Свердлов райондук хатибияты менен бирге жол кырсыктарынын алдын алуу максатында «Дордой» унаа тетиктер базарында «Үй-бүлөң сени күтөт!» аттуу иш-чарасын уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө сапарга чыгуунун адептери айтылып, айдоочулар үчүн атайын баракчалар даярдалып таркатылды.

Баракчадагы алтын эрежелер:

 1. Үйдөн чыгарда «Бисмиллахи таваккалту ьалаллооху ла хавла уа лаа кувата илла биллах» дубасын айтуу;

2. Даарат алып эки рекет намаз окуу;

3. Мүмкүнчүлүк болсо колдон келишинче садага берүү;

4. Сапарда кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылбоо үчүн себептерин аткаруу. Мисалы: Унаанын дөңгөлөгүн текшерүү, кошумча дөңгөлөк алуу, септи ар дайым алып жүрүү ж.б.;

5. Жолдо шашпай адеп менен жол эрежесин сактап, «үйдө бизди күткөн адамдар бар, жанымдагы адамдардын өмүрү мага аманат» деп жакшы ниет, оор басырыктуулук жана сабырдуулук менен айдоо.

«Сиздин жана сиз менен бараткандардын жаны сизге аманат. Автоунаа кырсыгынын кесепетинен канчалаган өмүрлөр кыйылып кетүүдө. Ошондуктан урматтуу айдоочулар, аманатка кыянат кылбайлы», –деди Камилжан ажы Муратов.