Азирети Муфтий Жалал-Абаддагы «Аз-Захра» медресесинин жаңы имаратынын ачылышына катышты

Бүгүн, 3-февраль күнү Жалал-Абад облусундагы «Аз-Захра» балдар медресесинин жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, медресе жетекчилиги жана башка коноктор катышты.

Ачылышта Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жаңы имараттын курулушу жаштардын илим алуусуна өбөлгө болоруна токтолуп, мындай жагымдуу саамалыктардын болуп жатканы чоң жетишкендик экенин белгиледи.

Ал эми Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков медресе жана окуу борборлордо илим жаткан жаштардын арасында мыкты жетишкендиктерге ээ болуп, алтын медалдарга татыгандарды белгилеп өттү. Ошондой эле облус аймагындагы диний окуу жайлардан илим алгандар коомдун ар тараптуу өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп жатышканын кошумчалады.

«Аз-Захра» балдар медресесинин жаңы ачылып жаткан имаратынын курулушуна салым кошкон эр азаматтар, ачылышка келип турган урматтуу коноктор, сиздерге облустук казыят жана облус мусулмандарынын атынан ыраазычылык билдирем. Медресенин пайдасы эки дүйнөбүзгө тең тийсин», – деди Нематулла ажы Жээнбеков.

Медресе боюнча кыскача маалымат:

“Аз-Захра” балдар медресеси 2005-ж. устаз Улан Багышов тарабынан негизделген. Медреседе азыркы учурга чейин 300 дөн ашык студент билим алса, 37 студент жогорку диний квалификацияга ээ адис катары коомдон ордун таап, элге кызмат кылып келет. О. э. ДОЖ эл аралык мамилелерди да бекемдеген. Алсак, Иордания мамлекетинде эки студент ханафи мазхабы боюнча билим алууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 15 медресе, 14 окуу борбору бар.