Жалал-Абадда «Азирети Аюб» жума мечитинин ачылышы болуп, ага Азирети Муфтий катышты (фото)

Жалал-Абадда «Аз-Захра» медресесиндеги имараттын ачылышына удаа эле «Азирети Аюб» жума мечитинин ачылышы болуп өттү. Ачылышка Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, Ош шаарынын мурдагы казысы Убайдулла ажы Сарыбаев баштаган дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Азирети Муфтий жаңы мечиттүү болгон жамаатты кызуу куттуктоо менен бирге, аны куруп берген демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирсе, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков мечитти курууда колдоо көрсөткөн бардык жарандарга облустагы жалпы мусулмандардын атынан ыракмат айтып өттү.