Араван районунун баш имам-хатиби айыл өкмөттүн имамдары менен жолугушту

Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков Араван районундагы С.Юсупова айыл өкмөтүндөгү жооптуу имамдар менен жолукту. 

Жолугушууда ар бир имам өздөрүнүн жооптуу аймагындагы каттоодон өтпөгөн мечиттер туурасында маалымат беришти. Эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттерди тез аранын ичинде каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилип, бул боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттер жана чаралар талкууланды. 

Аны менен катар имамдарга 2023-жылдагы Ажылыкка каттоо жана анын талаптары боюнча маалыматтар түшүндүрүлүп, ажылыкка каттоого байланышкан суроолорго жеткиликтүү жооп берүү тапшырмалары берилди. Жыйындын соңунда Максат кары Сидиков хатибият менен тыгыз байланышта болуп, жигердүү кызмат кылып жаткан жооптуу имамдарга ыраазычылык билдирди.

Айта кетсек, райондун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков мындан ары ар бир айыл өкмөттүн имамдары менен жолугушууларды өткөрүү пландалып жатканын билдирди.