Ош шаарында 100 муктаж үй-бүлөгө жардам баштыктары таратылды

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты «Себепкер» кайрымдуулук фонду менен биргеликте шаардагы аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө жардам баштыктарын тапшырды. Баштыкта азык-түлүк жана кийим-кечелер салынган. Кайрымдуулук иш-чарасында Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов эң чоң байлык каниет кылуу экенин баса белгилеп өттү.

«Адам баласы колунда бар нерсесине ыраазы болуп, каниет кылса гана чыныгы бай болуп, жүрөктөрү тынчтык табат. Каниет кылбаган адам канча көп болсо да, ыраазы болбойт. Ач көз болуп, дүйнөнү берсеңиз да тойбойт», – деди Исак ажы Юнусов

Ошондой эле, «Себепкер» кайрымдуулук фондунун башында турган Мустафа ажы Абдиевге, эмгек жамаатынын иштерине ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди.

Айта кетсек, «Себепкер» кайрымдуулук фонду аптанын ар жума күнү, жума намазынан соң өзүнүн кайрымдуулук иштерин өткөрүп келет. Фонд тарабынан азык-түлүк жана кийим-кече таратылат.