Алмухаммед ажы Мийзамидин уулу: «Жоолук – аялдын назиктигин, нарктуулугун даңазалайт»

Иллюстрациялык сүрөт

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата Сүлүктү шаарынын мэриясы жана Сүлүктү шаардык хатибияты маданий иш-чара уюштуду. Иш-чарага Сүлүктү шаарынын вице-мэри Бакыт Тагаев, Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби Алмухаммед ажы Мийзамидин уулу, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төрагасы Руслан Жайнаков, ошондой эле ар кайсы тармакта эмгектенген айымдар катышты.

“Жоолук – ислам динин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Аялдын назиктигин, аялдын нарктуулугун Жараткан Алла Таала Өзү даңазалап, ушундай өкүм койгон. Жоолукту мода же жөн эле кийим катары эмес, Жараткандын буйругу катары кийүү керек. Динибизде бойго жеткен ар бир кыз-келиндерге жоолук салуу парз болуп эсептелет. Аялзаты алсыз, назик, асылзат. Ошондуктан Алла Таала аялдарды камкордукка, дайыма коргоого алууга буйруган. Биз ушундай иш-чаралар менен жоолуктун маанисин, маңызын жалпы журтка түшүндүрүп жатабыз”, – деди Алмухаммед ажы Мийзамидин уулу.

Иш-чара соңда айымдарга жоолуктар белекке берилди.