Лейлекте окуучуларга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнө караштуу Баул айылындагы  «Жаңы турмуш» орто мектебинде зордук-зомбулуктун алдын алуу, бала тарбиясы, ата-эненин балдардын алдындагы милдеттери сыяктуу зарыл темалардын алкагында жыйын өткөрүлдү. Жыйынга мектеп жетекчилиги, дин кызматкерлери, окуучулар жана ата-энелери катышты.

Жолугушууда Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдилашим Ормонов ата-эненин балдардын алдында төмөнкүдөй милдеттери бар экендигин  айтып өттү:

«Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) хадисине ылайык, Алла Таала кимге перзент берсе, ошол ата-эненин мойнунда төрт милдет пайда болот. Алардын биринчиси: жакшы ат коюу. Балаңыз же кызыңыз чоноюп элдин алдына чыкканда уялып калбай тургандай ат коюу керек. Экинчиси: ошол перзентке адалдан тамак-аш жеп-ичирүү. Үчүнчү милдет: исламда көрсөтүлгөндөй жакшы таалим-тарбия берүү. Төртүнчү милдет: эгер уул болсо үйлөнтүү. Ал эми кыз болуп калса жакшы жерге турмушка узатуу. Ушуларды кайсы ата-эне аткара турган болсо, жемишин бул дүйнөдө жана акыретте да көрөт».

Жыйын соңунда баш имам-хатибинин орун басары диний багыттагы суроолорго жооп берди.