Ноокатта жергиликтүү тургун айыл имамына ат мингизди

Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагына караштуу «Нурдин» мечитинин имамы Мухаммадсали Тешебаевге айыл тургуну ээр-токумдуу ат мингизди.

Райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаевдин айтымына караганда, айыл имамы Мухаммадсали Тешебаев эл менен тыгыз иштешип, калк ынтымагын, биримдигин бекемдөө жана ысрапкерчиликтин алдын алуу боюнча бир топ алгылыктуу иштерди жасаган.

«Мухаммадсали ажыкебиз Кара-Таш айылына эмгеги сиңген дин кызматкери. Ал «Нуридин» мечитинде эгемендикти алганыбыздан бери имамдык кылып келет. Динге, элдин биримдигине, айылдын диний сабатын жогорулатууга өтө көп салым кошкон жана ар кандай жакшылык иштерде башкаларга үлгү болгон инсан. Азыркы учурда да хатибият менен тыгыз байланышта болуп, үзүрлүү эмгектенип келе жатат», – деп билдирди Музаффар ажы.