Өзгөндө муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 6-февраль күнү Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров  жана «Үмүт» фондунун демилгеси менен райондук хатибиятта жардамга муктаж он беш үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү.   

Райондун баш имам-хатиби берешендик береке алып келе тургандыгын эске салып, колдоо көрсөткөн «Үмүт» фондунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди. 

“Үмүт” фонду дайыма ушул сыяктуу жакшылык иштерде озуп, аты айтып тургандай муктаж, жакыр, жетим-жесирлердин үмүтүн жандырып келет. Өткөн жылдары да ушул сыяктуу кайрымдуулуктарды кылган. Буйруса бул жылы Өзгөн райондук хатибияты “Үмүт” фонду менен биргеликте көптөгөн кайрымдуулук иштерди жасайбыз депүмүттөбүз”, – деди Акжол ажы Бакиров.