Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жер титирөөдөн жабыркаган боордош Түркия элине көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Түркия Республикасында катталган жер титирөөдөн жабыр тарткан боордошторго көңүл айтып, жаракат алгандарга шыпаа тиледи.

«Биз боордош түрк элинин башына келген зилзаланы өтө оор кабыл алдык. Кырсыкта жаракат алгандарга шыпаа тилеп, тез арада айыгып кетсин деп дуба кылабыз. Ал эми каза болгондорго Алланын ырайымын тилеп, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Табият кырсыгына тушуккан бир тууган түрк элине бекем сабыр тилеп, тынымсыз дуба кылабыз жана Куран хатмдарын түшүрөбүз», – деп билдирди Азирети Муфтий.

Эскерте кетсек, бүгүн Түркия жана Сирияда күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир катар имараттар кыйроого учурады. Курмандыктар катталган бул кырсыкка байланыштуу КР Президенти Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Аны менен катар КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер титирөө катталган Түркия Республикасына кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөтүлдү.