Муфтият райондук баш имам-хатибдердин отчётун угуп, алардын ишмердүүлүктөрү менен таанышууда

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган КМДБ жетекчилиги Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек калаасынын баш имам-хатибдеринин ишмердүүлүктөрү менен жакындан таанышып, алардын отчётторун угууда.  Муну менен катар аймактагы имамдардын билими, эл арасында жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштери, Муфтият тарабынан берилген тапшырмалардын, фатвалардын коомчулукка жетүүсү, мечиттердин каттоосу сыяктуу бир топ маселелер каралууда.

«Ар бир ишти жоопкерчилик менен аткарылып, эң негизгиси Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылуусу маанилүү.  Элибизге туура диний маалыматты сиздер аркылуу жеткиребиз. Муну менен катар аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иштешип, эң негизгиси терс диний агымдардын алдын алуу керек. Муну менен катар айыл жериндеги имамдардын билимине көңүл буруп, атайын квалификациялык окууларды уюштуруңуздар!»,-деди Азирети Муфтий.

Азирети Муфтий  аталган саамалык Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын түзүмүндөгү хатибияттардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, борбордук аппарат менен аймактардагы хатибияттардын байланышын бекемдөө, калайыкка диний кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу, дин кызматкерлеринин диний, социомаданий потенциалын көтөрүү, райондордогу көйгөйлөр жана диний абал боюнча түздөн-түз маалымат алуу иш-планынын алкагында уюштурулуп жаткандыгын белгиледи.

«Бул жолугушуу жана ар бир райондун көйгөйлөрү менен түз таанышуу абдан жакшы жөрөлгө. Бизге дем берип, аксап жаткан жерибизди оңдоо үчүн абдан сонун сунуштар берилди»,-деди Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов.

Эскерте кетсек, алдыда Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ош облустары жана Ош шаарындагы баш имам-хатибдеринин отчёту угулат.