Кара-Сууда балдарга таалим-тарбия берүү маселеси боюнча жыйын болуп өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнө караштуу «Сыдык Алайчы уулу» атындагы мектеп-гимназия комплексинде «Балдарга жакшы таалим-тарбия берүү» аталышында иш-чара болуп өттү. Жыйынга мектеп деректору Зулфия Суюнова, тарбия бөлүмүнүн башчысы Үсөн Сайбиев, Мады айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Эгемберди ажы Джалалов жана окуучулардын ата-энелери катышты.

Коомдогу жаштардын тарбиясы суздашып, ата-энелер баланын тарбиясына кош көңүл болуп жатканын, бул нерсе улуттун, коомго жана элге зыян алып келерин айткан Мады айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Эгемберди ажы төмөнкүлөрдү айтты:

«Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) «Балдарыңарды ыззаттагыла жана аларга жакшы адеп-ахлак (тарбия) бергиле» деп айткан. Ата-эненин баласына берген эң чоң белеги таалим-тарбия жана адеп-ахлагы. Биз балдарыбыз илимдүү, билимдүү болуусун кааласак, анда мектеп мугалимдерине көмөк катары китеп окууну, убакытты туура пайдаланууну, берилген үй тапшырмаларын мыкты деңгээлде даярдоону, мугалимдерди урматтап-сыйлоону үйрөтөлү. Ошону менен катар аларды бош убактысы эмне менен өтүп жатканына көңүл буралы. Азыркы учурда зордук-зомбулук, экстремизм, терроризм деген жаман илдеттер пайда болду. Мунун баары балдардын бош убактысы көзөмөлдөнбөстөн, алар интернеттен каалаган нерселерди көрүп, ушул сыяктуу илдеттерге чалынып жатат».

Эгемберди ажы «тарбияны мектептен алат» деген түшүнүк пайда болгонун, чындыгында мектеп билим берүү мекемеси экенин, ал эми тарбия үйдө ата-эне тарабынан берилерин кошумчалады.

Ал эми райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров жогорку сыяктуу иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын белгилөө менен буларга токтолду:

«Мады айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Эгемберди ажы Кыргыз-Чек айылындагы «Каратай Сатыбек» атындагы мечитте көп жылдардан бери имам-хатиб болуп эмгектенип келет. Ал КМДБнын буйруктарын мыкты деңгээлде аткаргандыгы үчүн 2022-жылы Ош облустук казыяты тарабынан ыраазычылык кат менен сыйланган».