Авиакомпаниялар ортосунда өткөн конкурстун талаптары толук аткарылбагандыктан, УРШ конкурсту кайрадан өткөрүү чечимин кабыл алды

2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабы (УРШ) 20-январдан 2-февралга чейинки Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда жарыялаган конкурсунун талаптары катышуучулар тарабынан толук аткарылбагандыктан, өткөрүлгөн конкурсту кайрадан өткөрүү чечимин кабыл алды. Конкурска жалпысынан 4 авиакомпания катышып, талапкерлер УРШ койгон талаптарга толук жооп бере турган сунуш беришкен эмес.