Ош облусундагы имамдар Ош ОИИБнин жетекчиси менен жолугушту

Кечээ, 7-февраль күнү Ош облусунун Ош облустук ИИБнин имаратында облустун  аймагындагы дин кызматкерлери Ош облустук Ички Иштер Башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков менен жолугушту. Жолугушууга облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, казыят кызматкерлери, райондук баш имам-хатибдер, аймактык жооптуу имамдар, Ош ОИИБнын ЭММКАК жетекчилиги Ош ОИИБ кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун алкагында, диний обеъктилердин эсептик каттоосу, дин кызматкерлеринин билим деңгеээлин жогорулатуу жана мечит, медреселердин коопсуздугун алдын алуу боюнча маселелер каралып, айтылган сунуш-талаптарды аткарууга алуу сунушталды.

“Дин кызматкерлери менен ички иштер кызматкерлеринин иштери окшош. Баарыбыз элибиздин, жерибиздин тынчтыгы, амандыгы жана коопсуздугу үчүн күрөшүп келебиз. Бул иштерде имам, молдокелерибиздин ролу чон. Аны менен бирге жарандарыбыздын коопсуздугуна көңүл буруп, элдерге насаат айтууда, жума кутпаларында коопсуздук боюнча байма-бай айтып туруңуздар. Ошондой эле диний обеъкттерге байкоочу камераларды орнотуңуздар. Биз сиздерге кандай жардам, колдоо керек болсо кайрылыңыздар. Сиздерге жардам берели” – деди ОИИБнин жетекчиси Жеңишбек Жоробеков.

Имамдардын сабаттуулугун арттыруу максатында семинарлар өткөрүлүп келгенин, бирок бул курс-семинарлар дин кызматкеринин  жогорку билим ээси экендигин тастыктай албашын билдирген облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев төмөнкүлөргө токтолу:

“Имамдар ар тараптуу билим ээси болуусу керек. Анткени имам ар дайым эл астында сүйлөп, калктын жакшылык-жамандыгына катышат. Ушул учурда имам жогорку билими менен гана элди тура нукка бура алат. Ал эми илими жеткиликсиз имам элге туура түшүнүктү жеткире албайт”.

Жолугушуунун соңунда имамдардын суроолоруна атайын адистер тарабынан жооптор берилип, элдин биримдиги жана мамлекеттин тынчтыгы үчүн дуба кылынды.