Муфтият зилзаладан жабыркаган түрк боордоштор үчүн жардам чогултууда

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы боордош Түркия Республикасында катталган зилзаланын кесепеттерин жоюуга байланыштуу жардам чогултуп жатат. Жардамдар өлкөдөгү ар бир мечитте топтолууда. Жарандар жардамдарын өлкө аймагындагы бардык мечиттерге алып келе алышат. Боордошторго тапшырыла турган кийим-кечелер, жууркан-төшөнчүлөр жана буюм-тайымдар мүмкүн болушунча жаңы жана кышкы шарттарга ылайык болушу зарыл.

Ал эми акчалай жардам көрсөтүүнү каалагандарга КРда акча каражаттарын бир жерге чогултуу боюнча атайын бирдиктүү эсеп ачылганын эскертебиз. Табият кырсыгынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү реквизиттерге акча каражаттарын которо алат:

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;

Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Белгилей кетсек, 6-февраль күнү Түркия жана Сирияда күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир катар имараттар кыйраган. КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер титирөө катталган Түркия Республикасына кыргызстандык куткаруучулар жардамга жөнөп кеткен. Курмандыктар катталган бул кырсыкка байланыштуу Азирети Муфтий Замир кары Ракиев көңүл айткан. Учурда табият кырсыгынан жабыр тарткан жана каза болгон түркиялык бир туугандарга жүздөгөн хатмылар окулуп жатат.

Ибн Умар (р.а.) айтат. Алланын элчиси мындай деп буюрду: «Мусулман – мусулмандын бир тууганы. Бир тууганына зулумдук кылбайт жана аны каран күндө жалгыз таштабайт. Кимде-ким бир тууганынын муктаждыгын камсыздаса, Алла да анын муктаждыгын камсыздайт. Кимде-ким бир мусулманды мүшкүлдөн куткарса, Алла да жардамы себептүү аны кыяматтын мүшкүлүнөн куткарат. Ким бир мусулманды(н айыбын) жаап-жашырса, Алла да кыямат күнү (анын айыбын) жаап-жашырат».

(Абу Дауд, Адаб 46 (4893);  Тирмизи, Худуд 3 (1426); Бухари, Мазалим 3, Икрах 7; Муслим, Бирр 58 (2580).