Ош шаарында боордош түрк элинин амандыгы үчүн Куран окуп дуба кылынды

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Сирождин” мечитинде боордош түрк элинин аманчылыгы үчүн Куран окулуп, дуба кылынды. Бул иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов жана жергиликтүү мечит жамааты катышты.

Аталган иш-чарада шаар казысы Мирланбек ажы Токтомушов Куран окуу абзел амал экенин билдирди:

“Куран жаттап жана амал кылгандарга Жаннатка кирген кезде, “оку  жана жогорула!” деп айтылат. Ал да окуйт жана жогорулайт. Ар бир аят  үчүн бирден даража берилет”, – деди.

Шаар казысы Ош калаасындагы мечиттерде окулган ондогон Куран хатмдарынан пайда болгон соопту Түркиядагы табигый кырсыктан каза болгон боордошторго багыштады.