Алмазбек ажы Сагындыков Каракол шаарындагы мечиттерди зыярат кылып, имамдар менен жеринде жолукту

Бүгүн, 8-февраль күнү Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков жылдык иш-пландын негизинде мечиттердин тазалыгы, жылуулук менен камсыздалышы жана эң негизгиси каттоо иштеринен кабар алуу максатында шаардагы мечиттерди кыдырып, имамдар менен жеринде жолукту.

Жолугушууда облус казысы жаш өспүрүмдөрдү ыймандуулукка, ата-энени, мугалимдерди, улууларды сыйлоого, адептүүлүккө чакыруу менен бирге зына, талап-тоноочулук, чылым чегүү, ичимдиктин зыяндуулугу ж.б. маселелер туурасында лекцияларды жандандыруу тапшырмасын берди.