Баткен облусунда «Ыймандуунун жолу ачык» аттуу агартуу кербени жүрүүдө

Баткен облусунун Лейлек райондук маданият үйүндө Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши менен биргеликте  «Ыймандуунун жолу ачык» аттуу агартуу кербени жүрүп жатат.

Иш-чара КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, КРнын ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түзүлгөн беш тараптуу келишимди аткаруу максатында Баткен облусунунун аймагында ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүү менен коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулууда.

Иш-чарага Азрети муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Даават жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Фатва жана диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Жеңишбек ажы Курбанов, Баткен облусунун мусулмандардарыны казысы Нуридин ажы Мамасабировдор катышып, ыйман, адеп-ахлак тууралуу элге кеңири түшүнүк беришип, берилген суроолорго жооп беришти.

Аалымдардын агартуу сапары 10-февралга чейин Баткен облусунунун башка аймактарында уланмакчы.