Биринчи май райондук хатибияты «Адам жаны аманат» иш-чарасынын алкагында айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Бишкек шаарында «Адам жаны аманат» иш-чарасынынын алкагында Биринчи май районунун баш имам-хатиби Ырысбай ажы Ахунбаевдин демилгеси менен айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Биринчи май райондук хатибиятынын жетекчилиги Батыш автобекетинде айдоочулар менен жолугуп, унаа башкарууда абдан кылдат мамиле жасоого үндөдү. Ошондой эле алыс сапарга чыгуучу айдоочуларга диндеги аманат жана жол эрежесин сактоо маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

«Батыш автобекетинде узак сапарга жол алгандар, товар ташыган айдоочулар менен жолуктук. Эскертүүлөрдү айтып, жолдо жүрүүдө эрежелерди сактоо өтө маанилүү экендигин жана бизге берилген аманатка кыянат кылбоого чакырдык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда айдоочулардын саны өтө көбөйүп, унаа жашообуздун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Андыктан жок дегенде бир кишиге болсо да айтып жеткирели. Бизден таасирленип сактана турган болсо, бизге чоң ийгилик болот», – деди райондун баш имам-хатиби.