Самидин кары Атабаев диндер аралык толеранттуулукка багытталган тегерек столго катышты

Бүгүн, 9-февраль күнү Бишкек шаарындагы Сити Хотел мейманканасынын жыйындар залында «Эки тараптуу урмат-сыйды чыңдоодогу диндер аралык диалог жана өз ара аракеттешүү» аттуу тегерек стол болуп өттү. Саамалыкка КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкадыров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев, КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, КР ДИМК директорунун кеңешчиси Кадыр Маликов, коомдук ишмерлер, журналисттер жана ар кайсы конфессиялардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдо диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, диндер аралык диалог, баалуулуктарга урмат көрсөтүү, диний кастык жана исламофобиянын кесепеттери, чектен чыгууга биргелешип аракет кылуу, провокациялык маанайдагы жосундарга өз учурунда реакция берүү талкууланды.

Талкууда Самидин кары Атабаев исламда башка диндерге кордук көрсөтүү жок экенин билдирүү менен төмөнкүлөргө токтолду:

«Куран-и Карим Алла Таала жиберген ыйык китеп. Куран адамзатка тынчтык, бакыт, акыйкат, адеп-ахлак, ибадат жана маданият алып келди. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө 2 миллардга жакын адамдын ыйык туткан китебине акаарат кылган, тил тийгизген, өрттөгөн наадандар чыгып жатат. Биз аларды айыптоо менен маданияттуулукка, толеранттуулукка чакырып кетебиз».   

Белгилей кетсек, «Дин, укук жана саясат» эгемендүү аналитикалык изилдөө борборунун КР ДИМК менен биргеликте уюштурган тегерек столунда тараптар тынчтыкка, толеранттуулукка жана мыйзамдуулукка багытталган кайрылууга кол коюшту.