Баткендеги бир катар ЖМК кызматкерлери Азирети Муфтийдин мактоо баракчасы менен сыйланды

Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын сунушу менен Баткен облусундагы бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын мактоо баракчасы менен сыйланды.

Сыйлоо аземи бүгүн, 9-февраль күнү Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында болуп өттү. Мактоо баракчасын «Агартуу кербени» иш-чарасынын алкагында Баткен облусунда иш сапарында жүргөн Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев тапшырып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалады.

Баткен облусундагы төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине КМБДнын мактоо баракчасы тапшырылды:

Мамажан Бердишев – Баткен облустук медиа борборунун жетекчиси;

Абдихалила Акматов – Баткен Таңы Облустук Гезитиинин редактору;

Диларрам Эгембердиева – Баткен шаардык «Өрүкзар» коомдук-саясий гезитинин редактору;

Гүкайыр Эргешова – Баткен райондук «Кызыл Туу» коомдук-саясий гезитинин редактору;

Асылкан Махамат кызы – Баткен облустук медиа борборунун кызматкери;

Баткен шаарындагы «Салам медиа» жамаатына.

Белгилей кетсек, КМДБнын мактоо баракчасы элибиздин руханий жан дүйнөсүн байытууга салым кошуу менен бирге, динибиздин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирип, элдин ыйманын, адеп-ахлагын, диний жана улуттук маданиятын көтөрүү боюнча жигердүү эмгектенгендерге берилип келет.