Баткен шаарында аалымдардын эл менен жолугушуусу жогорку деңгээлде өттү

Бүгүн, 9-февраль күнү Баткен облустук мамлекеттик  администарциясынын жыйындар залында «Агартуу кербени» иш-чарасынын алкагында аалымдардын эл менен жолугушуусу өттү. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен Баткен облустук мусулмандар казыяты биргеликте уюштурган диний агартуу саамалыгында жыйындын катышуучуларына салттуу ислам, ысырапкерчиликтин алдын алуу, бала тарбиялоо, үй-бүлө баалуулугу сыяктуу актуалдуу темаларда лекциялар айтылды. Ошондой эле диний абал, дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү талкууланып, жарандардын ар кыл суроолоруна жооп берилди.

Аталган иш-чара Баткен медиа борборунун колдоосу менен Баткен телеканалы аркылуу түз эфирде чагылдырылды.

Иш-чарага Азрети муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Даават жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Фатва жана диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Жеңишбек ажы Курбанов, КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, Баткен облусунун мусулмандардарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышты.

Белгилей кетсек, иш-чара КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу, КРнын ДИМКнын Баткен өкүлчүлүгү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түзүлгөн беш тараптуу келишимди аткаруу максатында Баткен облусунунун аймагында ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтуу менен коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында уюштурулду.